Алга (футбол клубу)
«Алга» - Бишкектин футбол командасы.
- 1955-ж. «Спартак» ыктыярдуу спорт коомунун республикалык советинде «Спартак» деген ат менен түзүлгөн.
- 1960-94-жж. «Алга» деп аталган.
- 1956-63-жж. СССРдин футбол боюнча биринчилиги үчүн «Б» классындаты командалар арасында ойногон.
- 1963-ж. «А» классынын 2-лигасында ойнойт.
- 1970, 1973, 1975-жж. жана 1979-ж. «А» классынын 1-лигасында ойногон. Команданын көпчүлүк футболчулары СССР спорт чеберлери деген наамга ээ болушкан.
- Чет өлкөлүк улуттук боюнча клубдук командалар менен эл аралык жана жолдоштук 30дан ашуун беттешүү өткөргөн. «Алга» үчүн жаш спортчулар «Жаштык» (1981) командасында даярдалган.
- 1982-ж. «Алга» ыктыярдуу спорт коомунун республикалык кеңешинин карамагына кирген.
- «Алга» кыргыз футболуна СССР спорт чеберлери Н.Емцов, Ю.Мусаев, Г.Мерзликин,
- Д.Бибаев, 3.Султанов, Б.Стрельцов, М.Тягусов, Г.Шевченко, П.Шубин, B. Фомин, Ю.Пышник, Р.Бибаев, М. жана А.Чокморовдор, А.Панченко, Б.Подкарытов, С.Фокин, Н.Булгаков, Шевченко сыяктуу мыкты футболчуларды тарбиялап берген.
Алга ФК | |||
Толук аталышы |
Футболдук клуб «ФК Алга» | ||
Негизделген | 1947- жыл | ||
---|---|---|---|
Стадиону | Динамо стадиону, Бишкек | ||
Мелдеш | Кыргызстан Жогорку Чемпионаты | ||
2024 | 9. | ||
| |||
Кезектеги мезгил |
Учурда «Алга» клубу кайра түзүлүп, Жогорку Лигада ойноп жатат. «Алга - Бишкек» футбол клубунун директору Э. Бусурманкулов.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүМакешов Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. Экинчи бас. – Б.: Турар, 2015. – 448 б. ISBN 978-9967-15-445-2