Алгыр куштар - аң жана илбээсин уулоо үчүн атайын тапталган кыраан куштар. Алгыр куштарды таптоо, аны аңчылыкка пайдалануу кыргыз коомуңда байыртадан белгилүү. Ошону менен бирге, алгыр куштарды таптоо, куш салуу спорттук кызыкчылыктарды да канаатандырган. Байыркы кыргыздар алгыр куштарды мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык алакаларда да ийкемдүү колдонушкан. Кытайдын Тан династиясы (618-907-жж.) менен элчилик алакаларда кыргыздардын Кытай императоруна, 1207-ж. Чыңгыз ханга алгыр куштарды, шумкарларды тартуулашкандыктарын тарыхый жазма булактар эскерет. Алгыр куштарга ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж.б. кирет. Учурда алгыр куш- тарды таптоо, куш салуу жоголуп кетпей ата мурас катары сакта- лып келүүдө.

Алгыр куштар (Falco tinnunculus).

Колдонулган адабияттар түзөтүү