"Алдамчылык иллюзиясы" (англ. Now You See Me, орус. Иллюзия обмана) - 2013-жылы Луи Летерье тарткан, Боаз Якин жана Эдуард Рикорт жазган америкалык триллер тасмасы. Тасмага тартылгандар: Жесси Айзенберг, Марк Руффало, Вуди Харрелсон, Мелани Лорент, Айла Фишер, Дейв Франко, Майкл Кейн жана Морган Фримен. Тасмада ЧФБнун (Чалгындоо Федералдык Бюросу) агенти жана эл аралык полиция детективи элге өнөрүн тартуулоо учурунда банкты тоноп, тонолгон акчаны көрүүчүлөргө чачкан иллюзионисттер тобун колго түшүрүү окуясын баяндайт.

Алдамчылык иллюзиясы
Режиссеру Луи Летере
Продюсер
Сценарийи
Оператору
Тартылгандар
Музыкасы Брайан Тайлер
Редактору
Студия K/O Paper Products
Жайылтуучу Summit Entertainment
Чыккан жылы
  • май 21, 2013 (2013-05-21) (Нү-Йорк)
  • май 31, 2013 (2013-05-31) (АКШ)
Узактыгы 115 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $75 млн[2]
Киреше $351.7 млн

Тасманы "Summit Entertainment" 2013-жылы 31-майда расмий түрдө АКШда жарыкка чыгаргандан мурун Нү-Йоркто 2013-жылы 21-майда бетачары өткөн. Тасма киносынчылардын ар тараптуу пикирлерине дуушар болгонуна карабастан $75 млн бюджети менен $351.7 млн киреше тапкан. Тасма 2014-жылы "People's Choice" сыйлыгынын "Тандалма триллер тасма" наамын алган. Ошондой эле "Empire" сыйлыгынын "Эң мыкты триллер" наамын, "Сатурн" сыйлыгынын "Эң мыкты триллер тасма" жана "Эң мыкты музыка" наамын уткан. Тасманын уландысы 2016-жылы 10-июнда жарыкка чыккан.

Тасманын расмий саундтрегин Брайан Тайлер жазган. Ал эми "Glassnote Records" 2013-жылы 28-майда санариптик көчүрмөгө жана сатыкка чыгарган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. NOW YOU SEE ME (12A). British Board of Film Classification (May 28, 2013). Текшерилген күнү 28 -май (бугу) 2013.
  2. AmyKaufman 'Fast & Furious 6' to speed past 'After Earth' at the box office. Лос-Анжелес Times. — «"Now You See Me" cost roughly $75 млн»  Текшерилген күнү 2 -июнь (кулжа) 2013.