Алдашева, Айгуль Абдулхаевна

Алдашева Айгуль Абдулхаевна (1957-ж. Фрунзе шаарында төрөлгөн) – 1996 ж. психология илимдеринин доктору. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. Социалдуу психология, башкаруу психологиясы боюнча адис. Алдашева 40тан ашык илимий иштерди, анын ичинде 2 монография жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,