Башбаракты ачуу

Алдашев Абдулхай Алдашевич (1918, Жети-Өгүз району, Ак-Кочкор айылы — 2003, Бишкек) көрүнүктүү кыргыз фармакологу, токсикологу жана котормочу, сөздүкчү, ветеринария илимдеринин дотору, профессор.

250
Туулган жылы:

1918 жыл(1918)

Туулган жери:

Жети-Өгүз (район)

Каза болгон жылы:

2003 жыл(2003)

Каза болгон жери:

Бишкек

Өлкө:

кыргыз

Илимий чөйрөсү:

биология

Иштеген жери:

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы

Илимий даражасы:

Ветеринария илимдеринин доктору (1965)

Илимий наамы:

профессор (1966)

Илимий жетекчиси:

Иван Ефимович Мозгов

Мазмуну

Кыскача өмүр таржымакалыОңдоо

Абдулхай Алдашев 1918-жылы Жети-Өгүздүн Ак-Кочкор айылында туулган. Атасы - айтылуу санжырачы жана агартуучу Алдаш молдо.
Кыргыз Айыл Чарба Институтун бүтүргөн (1939). Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу.

Ветеринария илимдеринин доктору (1965) даражасын, профессор (1966) наамын алган.

Илимий мурасыОңдоо

500-дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 монография, 11 ойлоп табуунун, 2 окуу куралынын автору. Анын жетекчилиги менен илимдин 10 доктору, 20 кандидатты диссертацияларын жактаган.

Манас эпосуОңдоо

70-жылдардын башында Б. М. Юнусалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн «Манас» эпосунун канондук текстин орус тилине сапма-сап которуу үчүн котормочулардын конкурсун өткөрүүгө (К. К. Юдахин) менен бирге жетекчилик кылган. Редакциялык кеңеш тандап алган 120 000 сап котормонун 115 000 сабын (5000 сапты К. К. Юдахин менен бирге) Абдулкай Алдашевич илимий талапка ылайык иретке салып терминдерди орусча так берүүгө жетишкен.

Абдулкай Алдашевич катышкан жана редакциялаган сапма-сап котормонун негизинде «Манас» эпосунун илимий басылышы "СССР элдеринин эпостору" деген серияда Москвадан ишке ашырылган. Орус тилине көркөм которулган "Манас" үчилтигинин "Семетей" жана "Сейтек" бөлүмдөрүнүн сапма-сап котормосунун 30 000 сабы да Абдулкай Алдашевичке таандык.

Башка котормолоруОңдоо

В.Катаевдин “Мен эмгекчи элдин уулумун” повестин, М.Горькийдин “Балалык” повестин, чыгармалар жыйнагынын 6-томун, Н.Рыбактын “Преяслов радасы” романын, Г.Флобердин “Айым Бовари” романын кыргыз тилине которгон.

Наамдары. СыйлыктарыОңдоо

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ветеринардык врачы (1974).
Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү.
Абдулкай Алдашевич эки 2-даражадагы Ата Мекендик Согуш, «Кызыл Жылдыз», эки «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсүОңдоо

Уулу - белгилүү илимпоз, академик Алмаз Алдашев.

Жарыяланган эмгектериОңдоо

  • Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү, 1998
  • Этапы развития ветеринарии в Киргизии/ А. А. Алдашев ; АН КиргССР, Ин-т орган. химии, Фрунзе, Илим, 1989
  • Русско-киргизский терминологический словарь по животноводству и ветеринарии/ А. А. Алдашев.-335 с. 2-е изд. испр., Фрунзе, Кыргызстан, 1989
  • Русско-киргизский терминологический словарь по животноводству и ветеринарии/ А. Алдашев, 522 с. 21 см., Фрунзе, Илим, 1980


Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
  • Абдышев К."Кылым инсандары" Бишкек-2003-ж.

Интернеттеги шилтемелерОңдоо