Өмүр жолу түзөтүү

Алдаян уулу Төлөгөн Чүй областына караштуу Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылында 1947-жылы 16-февралда жарык дүйнөгө келген. Алдаян менен Сайранын көкүрөк күчүгү болгондуктан эрке өсүп калган. Төлөгөндүн атасы 1973-жылы Алдаян жарыкчылык менен коштошту. Төлөгөн айылчарба техникумун 1969-жылы бүтүрүп, аскерге кызмат өтөөгө кетип, аскерден 1971-жылы кайра келет.

Эмгектенген кызмат орундары түзөтүү

Төлөгөн алгачкы эмгек жолун туулган айылында тракторист болуудан баштаган. Кийин гидротехник, бригадир, агроном, энтомолог кызматтарында эмгектенди. Андан соң К.И.Скрябин атындагы айыл-чарба институтун бүтүрдү. Элге кылган кызматы үчүн биртоп сыйлыктарга ээ болгон. Өмүрлүк жары Роза менен 5 уул, 1 кыздын сүйүктүү атасы жана уул кыздарына мыкты тарбия беришти.

Сыйлыктары түзөтүү

Коло медалы, Ардак грамоталары менен сыйланып, көптөгөн баалуу сыйлыктардын ээси болгон.

Колдонулган адбият түзөтүү

  • Инсандар таржымалы Бишкек-2007-ж.