Алдыңкы бакалоордуулар - (Prosobranchia) моллюскалар тибиндеги курсак буттуулар классынын өкүлдөрү. Алар 3 түркүмгө бөлүнөт. Чоңдугу бир нече ммден 20 смге чейин жана раковинасынын салмагы 2 кгга жетет. Бакалоору же өпкөсү менен дем алат. Айрым жыныстуу, кээси гермафродит. Көптөгөн түрү жумуртка, айрымдары тирүү тууйт. Булар деңизде, дарыяда жана кургактыкта жашоого ыңгайланышкан. Айлана-чөйрөнүн тийгизген таасиринен жерде-сууда жашоочу түрлөрү да пайда болгон. Алдыңкы бакалоордуулар негизинен детрит, көп түрү жырткычтар (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, ийне терилүүлөр ж. б.), айрымдары мителер. Байыртадан эле булардын мүйүз кабыгынан (раковинасынан) кооз нерселер жасалган, өзү боёк, дары катары колдонулган. Көп түрлөрүн (Франция, Япония, Корея, Кытай ж. б.) тамак-аш катары колдонушат. Кээ бир түрлөрүн Африка, Индия, Америка ж. б. өлкөлөрдө акча катары пайдаланышкан. Кээ бири адамдын жугуштуу оору козгогучтары.

Haliotis sp.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1