Александра Асановна Элбакян (1988-жылы 6-ноябрда Алматыда туулган) - казакстандык-орусиялык нейрофизиолог, биолог. Sci-Hub сайтынын түзүүчүсү катары белгилүү.

Александра Элбакян
Элбакян 2010-жылы
Ишмердүүлүк тармагы:

Sci-Hub негиздөөчусу , нейрофизиолог, биолог, программистка

Туулган датасы:

8 -ноябрь 1988(1988-11-08) (35 жаш)

Туулган жери:

Алма-Ата, Казак ССРи

Жарандыгы:

 Казакстан

Сайт:

engineuring.wordpress.com

Өмүр баяны түзөтүү

Sci-Hub түзөтүү

Негизги макала: Sci-Hub

2009-жылы университетте дипломдук ишинин үстүндө иштеп жатып, көпчүлүк илимий журналдардагы керектүү макалаларга жеткилик алуу үчүн кымбат акы төлөө керек экендигине туш болот. Бул макалаларды төлөмдүү жеткилик системин айланып өтүп жүктөп алууга туура келген. Элбакян 2011-жылдан тартып, катышуучуларга акы төлөбөстөн макалаларды жүктөп алууга жардам берген илимий форумдарга катыша баштайт. Бирок, макалаларды колго жүктөөгө көп убакыт жан күч сарпталган. Программалоо жаатында тажрыйбасы бар Элбакян жүрүмдү автоматташтырууну көздөйт. Ошентип, Sci-Hub пайда болуп, 2011-жылы 5-сентябрда ишке кирген.

Александра Элбакян Sci-Hub долбоорунун максаты - билимдин коомго жайылышындагы тоскоолдорду жоюу жана санариптик теңсиздикти азайтуу экенин белгилейт. Анын айтымында, Sci-Hub'тын болушунун өзү илимий басмаларды ачык жеткилик моделине өтүүгө шыктандырышы керек.

Илим-билимге ачык жеткиликтин маанисин түшүндүрүү үчүн Элбакян илим социологу Роберт Мертонго шилтеме кылат. Мертон илимдин прогресси жана илимий коомчулуктун нормалдуу ишмердиги үчүн ачылыштарга менчик укугу болбошу керектигин белгилеген.

Орусияда жашап, АКШнын мыйзамдарынан буйтаганы үчүн The New York Times Элбакянды Эдвард Сноуден менен салыштырган. Ars Technica аны Аарон Шварцка теңеген.

2016-жылдын акырындагы абал боюнча, Александра өзүнүн жүргөн жерин жашырып келет. Мисалы Nature'дүн кабарчылары менен болгон маеги жашырылган электрондук почта аркылуу жүргөн. Александра сайтты ага муктаждар үчүн колдоону өзүнүн моралдык милдети деп эсептейт.

Шилтемелер түзөтүү