Александров Анатолий Петрович

Александров Анатолий Петрович –(31.1 (13.2), 1903, Киев губерниясы, Тараща шаары - 3.2.1994, Москва) - орус физиги жана коомдук ишмер, атом өндүрүшүн негиздөөчүлөрдүн бири, СССР ИАнын академиги (1953) жана президенти (1975-86), 3 жолку Социалистик Эмгектин Баатыры (1954, 1960, 1973). 1930-ж. Киев университетин бүтүп, Ленинград физика-техника институтунда иштеген. 1946-55-ж. СССР ИАнын Физика проблемалары институтунун (1960-88-ж.), Атом энергиясы институтунун директору. Алгачкы илимий-изилдөөлөрү диэлектриктер физикасына жана жогорку молекулалуу бирикмелерге арналган. П. П. Кобеко менен бирге полимерлер физикасы боюнча комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын кемелерди минадан сактоо ыкмасы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ийгиликтүү колдонулган. 1943-жылдан ядролук физика жана техника боюнча иштеп, илимий-техникалык программаларды, ар кандай ядролук реакторлорду курууну жетектеген. СССР мамлекеттик (1942, 1949, 1951, 1954) жана Ленин (1959) сыйлыгын алган.

Анатолий Петрович Александров

Колдонулган адабияттар түзөтүү