Александр Васильевич Беляков

Беляков Александр Васильевич (9(21). 12. 1897-ж. т. ) - авиациянын генерал-лейтенанты (1943), Советтик Союздун Баатыры (1936), аэронавигация боюнча адис, географиялык илимдин доктору, профессор 1936-жылдан КПССтин мүчөсү. Мугалимдин үй-бүлөсүнөн.

1919-ж. феврал-дан Кызыл Армияга кирген. Авиац. мектепти бүтүргөн (1921). 1939-ж. В. П. Чкалов менен Москвадан Удд а-на, 1937-ж. Түндүк уюл аркылуу АКШга учкан. 1940-45-ж. Рязань жогорку авиац. мектебинин начальниги. 1945-ж. Берлин операциясына катышкан. 1945 -60-ж. Аскер-аба академиясында факультеттин начальниги. 1960-жылдан отставкада. Аэронавигация боюнча көп илимий эмгектин автору жана редактору. СССР Жогорку Советинин 1-шайл. депутаты.

2 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.