Алексеев Николай Алексеевич

Алексеев Николай Алексеевич (1938-2010), илимде дүйнөлүк аты бар белгилүү якут окумуштуусу, тарыхчы-этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия ИАсынын Сибирь бөлүмүнүн Сибирдин аз сандуу элдери институтунун директору болуп эмгектенген. Сибирдин түрк тилдүү элдеринин этнографиясы боюнча ири адис. 1938-ж. Саха-Якутиянын 3-Бордон айылында туулган. 2010-ж. Новосибирск шаарында дүйнөдөн кайткан. А.Н.Алексеев 1954-ж. Нюрбин мектебин аяктагандан соң, Ленинград Мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнө келип кирет. Ал Б.Б.Пиотровский, С.Б.Окунь, В.Мавродин, А.Л.Шапиро, М.А.Гуковский, М.К.Каргер ж.б. сыяктуу белгилүү этнографтардан тарбия алган. Ленинградда аспирантурада окуп жүрүп, саха-якуттардын салттуу диний ишенимдери, якут фольклору, уламыштарын, жергиликтүү шамандар боюнча маалыматтарын жыйнайт. Анын илимий жетекчиси профессор И.С.Гурвич – якут бугу багуучулары боюнча ири адис болочок тарыхчы-этнографтын окумуштуу жана инсан катары калыптануусуна зор таасир эткен. Н.А.Алексеев Сибирь элдерининдеги шаман дини, жергиликтүү калктын салттуу диний ишенимдери боюнча терең жана илимий негиздүү изилдөөлөрдү ишке ашырган. Бул илимий багыт советтик этнография илими тарабынан толук, комплекстүү изилдене элек болучу. 1967-ж. “Традиционные религиозные верования якутов конца XIX – начала XX века” темада кандидаттык диссертациясын коргойт. Москвадагы СССР Министрлер Советинин алдындагы Дин иштери башкармалыгындагы жылуу орунду калтырып Якутскидеги СССР ИАсына караштуу Тил, адабият жана тарых институтуна орношот. Окумуштуунун негизги максаты изилдөө обьектисине жакын болуп, калк арасынан талаа маалыматтарын жыйноодо турган эле. Көп сандаган илимий экспедицияларда жыйналган маалыматтардын негизинде Сибирь элдеринин байыркы диний ишенимдеринин формаларын, түрк тилдүү этностордун шаманистик көз караштарынын калыптануусун, эволюциясын изилдеген. 1986-ж. “Ранние формы религии и шаманизма тюркоязычных народов Сибири” деген темада тарых жана этнография илиминдеги эң бир актуалдуу диссертацияны коргогон. Эрте пайда болгон диний ишенимдердин теориясынын андан уландысы 1992-ж. жарык көргөн “Традиционные религиозные верования тюркоязычных народов Сибири” деген монографиясында чагылдырылган. Н.А.Алексеев изилдөөлөрүндө Сибирь түрктөрүнүн салттуу көз караштарында жана каада-салт, үрп-адаттарына салыштырмалуу анализ жүргүзүүнү сунуш эткен. Мында түрк тилдүү элдери менен эвенк жана буряттардын салтуу диний ишенимдерин салыштырмаа изилдөөлөр Сибирь аймагынын элдеринин мифологиялык көз караштарынын, диний каада-салттарынын, үрп-адаттарынын системасын, алардын күнүмдүк жашоо турмушка тийгизген таасирин жалпылыгы далилденген. Окумуштуунун илимий изилдөөлорүнүн кийнки өнүгүү этабы анын Новосибирск шаарындагы СССР ИАсынын Сибирь бөлүмүнө которулуусунан башталган (1969). Ал А.Б.Соктоев тарабынан “Сибирь жана Ыраакы Чыгыш калктарынын фольклорунун эстеликтери” аттуу 60 томдук зор эмгекти түзүүгө чакырылган. Алтайлыктардын жана тувалардын мифтери, уламыштары боюнча томдуктарды жетектеп, басмадан чыгарууга катышкандыгы маалым. Н.А.Алексеев Якутия, Тоолуу Алтай, Алтай крайы, Хакасия, Тува, Иркутск облусу, Ханты-Мансы аймагы жана Непалга 25 ирет илимий экспедицияларга катышкан жана жетектеген. Окумуштуу 100 ашуун илимий эмгекти, анын ичинде 9 монография жазган, бир катар таланттуу изилдөөчүлөрдү тарбиялагандыгы белгилүү. Академиялык институтту (2007-2010) жетектеген. Бул илимий мекеме Сибирдин аз сандуу элдерин изилдөө институту деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • О. Каратаев Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015