Алексей Алексеевич Венедиктов

Алейсей Алексеевич Венедиктов (1955-жылы 18-декабрда Москвада туулган) – орусиялык журналист, "Эхо Москвы" радиостанциясынын ээлеринин бири (акциялардын 18%ы) башкы редактору, алпаруучусу, "Эхо-ТВ"-нын президенти.

Карьерасы түзөтүү

Мектепти аяктагандан кийин МГПИнин тарых факультетинин кечки бөлүмүнө тапшырган. Буга катар почтачы болуп иштеген. Институтту бүткөндөн кийин 1978-жылы мугалим болуп иштей баштап, бул кесипти 20 жыл аркалаган. Булардын 19 жылын Москвадагы № 875 жалпы орто билим берүүчү мектепте тарых сабагын берип өткөргөн.

Мындан тышкары, 1970-жылдардын соңунда № 177 мектепте сабак берген.

"Эхо Москвы" радиостанциясында 1990-жылдан тарта иштей баштаган. Мындагы карьерасын гезит талдоочу жана кабарчылык кызмат менен баштаган (мисалы, Борис Ельцин менен Жогорку Советтин тиреши учурунда Ак үйдө болгон). Кийин саясат талдоочу болуп, маалыматтык агенттикти жетектеп, акыры 1998-жылдын февралында радиостанциянын башкы редакторлугуна шайланган.

Сыйлыктары түзөтүү

  • II даражадагы "Ата-Мекенге кызматы үчүн" төш белгиси (1999-жылдын 3-декабры) – маданият жаатындагы кызматы жана Орусия радиоберүүсүнүн 75 жылдыгынын урматына
  • Ардактуу легион орденинин кавалери (Франция)
  • Польша Республикасына Кызмат Алтын Чырымы
  • Орусия ФСКН-нын ардак граматасы (2010-жылдын 30-декабрында) – баңги көзөмөлдөө органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөнү үчүн.
  • Орусиянын "Алтын калем" сыйлыгынын лауреаты (1996-жыл)
  • Опурталдуу аймактардагы иштеринен көрүлгөн кесипкөйлүгү жана эрдиги үчүн.
  • Артем Боровик атындагы сыйлыктын ээси
  • В. Высоцкий атындагы "Своя колея" сыйлыгынын лауреаты (2004-жыл)
  • Орусия Федерациясынын Коопсуздук Кеңешинин төш белгиси (1998)

Шилтемелер түзөтүү