Алеңгир жаа — "Манас" эпосто баатырлардын алып жүргөн жоо жарагы: «Атынын мойну бир кулач, Айбандан түрлүү көрүнөт, Алеңгир жаа асынган, Адамдан сүрдүү көрүнөт» (Сагымбай Орозбаков, 2. 300). Алеңгир — байыркы түрк-моңгол сөзү. Саадак деген маанини билдирет. Ал эми жаа деген экинчи компоненти да саадак маанисинде колдонула берет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында алеңгир жаа кытай жоокерлери колдонгон курал катары да айтылат. Мисалы, «Алеңгир жаа асынган, Азезил шайтан мас кылган Нескара деген эр экен» (Сагымбай Орозбаков, 1. 208), «Шаңмусары дегени... Алеңгир жаа, сыр жебе» (Сагымбай Орозбаков, 1. 273) салгылашта пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү