Алжир улуттук-боштондук күрөшү

Алжир улуттук-боштондук күрөшү (1954-62). 1830-ж. француздук аскерлер адегенде Алжир шаарын, андан соң өлкөнүн бүткүл аймагын басып алып, колонияга айландырган. Көптөгөн француздардын келип отурукташуусунун натыйжасында, Алжирге Франциялык департамент статусу берилип, бул анын өзалдынча мамлекет катары таанылуусуна тоскоол болуп келген. Ага карабастан, жергиликтүү калк баскынчыларга катуу каршылык көрсөтүүсүн токтоткон эмес. 1832-47, 1871-72-ж. колонизаторлорго каршы бир нече жолу улуттук-боштондук көтөрүлүштөр ийгиликсиз аяктаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда алжирлик арабдар көз каранды эместикке жетишүү максатында де Голльду колдошкон, бирок алардын үмүтү акталган эмес. 1954-ж. Алжирдин улуттук-боштондук Фронту (УБФ) жетектеген колонизаторлорго каршы партизандык согуш башталат. Алардын күрөшүн басуу үчүн Франция 1958жылдан тартып Алжирде 800 миң аскерин, авиациясын, согуш-деңиз флотунун чоң бөлүгүн кармап турууга аргасыз болгон. Согуштун жүрүшүндө Алжир эли 1,5 млн. адамынан ажыраган, 2 млн. кишиси концлагерлерде жана түрмөлөрдө отуруп чыккан, жарым млн-го жакыны чет өлкөлөргө качууга мажбур болгон жана миңдеген айыл-кыштактары талкаланган. Алжирдеги узакка созулган согуш француз коомунда да жараканы пайда кылып, Төртүнчү респ-нын кризисине алып келген. 1958-ж. президент болуп шайланган Шарль де Голль согушту улантуунун пайдасыз экендигин түшүнгөн. 1961-ж. референдумда француздардын басымдуу бөлүгү Алжирге өзалдынчалык берүү үчүн добуш беришкен. Кийинки жылы Франция алжирликтердин убактылуу өкмөт башчысы Ахмед Бен Белла менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, Алжирдин көзкаранды эместиги таанылган жана 1962-ж. Алжир Элдик Демократиялык Республикасы жарыяланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү