АЛИЕВ Юсуп Али Мухамед түзөтүү

Өмүр жолу түзөтүү

АЛИЕВ Юсуп Али Мухамед (1898-жылы Ош шаарында — 1970-жылы Өзбек ССРи, Фергана шаары.)— кыргыз, өзбек, кедейлеринин арасында революциячыл кыймылды уюштуруучулардан, Ош шаарында Совет бийлигин орнотууга катышкандардын бири. 1919-жылдан Коммунисттик партиянын мучесу. 1916-жылы аскер-оорук иштерине айдалган; анда «оорукчулардын» согушка каршы кыймылына катышкан. 1917-жылы Ош шаарына кайтып келген. Мусулман жумушчу жана чайрикер депутаттарынын Оштогу советин уюштуруучулардан жана уезддик уюмдар менен өнөржай ишканаларында жумушчулардын көзөмөлдөөсүн киргизүү кыймылынын демилгечиси болгон. Ош Советин большевиктештирүүгө катышкан. 1917-жылы декабрдан шаардык уезддик Советте, 1918-жылы июндан анын аткомунда иштеген. 1919-жылы июлда уезддик революциячыл комитеттин улут бөлүмүнө башчы болуп дайындалган. 1920-жылы февралда уезддик жумушчу-дыйкан инспекциясынын мучесу. Граждандык согуш аяктагандан кийин советтик органдарда жооптуу кызматтарда иштеген.

Колдонулган адабичт түзөтүү

Борбугулов М."Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.