Алиев Раиль
Алиев Раиль 1951-жылы Андижан облусунун Пахта-Абад районунда туулган.
- Сузак районунун Багыш айылына ата-энеси менен 1956-жылы көчүп келишет.
- 1968-жылы мектепти бүткөндөн кийин, механизаторлордун курсунан окуп, тракторист кесибине ээ болот.
- 1970-жылдан баштап, “Дружба” совхозунда тракторист болуп, эмгек жолун баштаган.
- 1984-жылы КПССтин катарына мүчө болуп кабыл алынат.
- Бир канча жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болгон.
- Эмгектин ударниги наамын алган.
- Райондук партиялык комитетинин мүчөсү болуп, коомдук иштерге активдүү катышкан.
- Беш жылдык планды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн, райондук жетекчилик тарабынан “Жигули” автомашинасы менен сыйланган.
- 2003- жылы 52 жашында капилет оорудан каза болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3