Алимбаев Пахриддин (1892, азыркы Ноокат районуну, Караван кыштагы — 1983, ошол эле жерде) — тамекнчи, Социялистик Эмгектин Баатыры (1950). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Эмгек жолун 1931-жылы кколхоздо катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1946-жылы Ноокат районундагы «Кызыл-Кыя» совхозунун тамекичилик бригадасында, кийин звено башчысы болуп иштеген. 1949-жылы анын звеносу 3,4 га аянттын ар гектарынан 18,8 цден тамеки жалбырагын жыйнап алган. 1951—55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыгы түзөтүү

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М."Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.