1798–1810-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Өзбектин Миң сулалесинин (династиясынын) өкүлү, Нарбото бийдин уулу. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеңейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкенди ж-а Чымкентти ээлеген. Кетмен-Төбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Бийлик үчүн күрөштө козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Маалымат булактары

түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003