Аллеманда
Аллеманда - (фр. allemande - немецтик) - эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. 16-кылымдын ортосунда Англия, Нидерландияда кеңири тараган. 17-18-кылымда Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эң негизги жай бөлүмү аллеманда аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1