Аллитерация (лат.— кайталоо деген мааниде) — көркөм чыгармадагы окшош үнсүз тыбыштардын кайталанып келиши. Аллитерация кубулушу поэзияда арбын кездешет.

« Кирпичиңди ким биринчи койду экен,

Койгри кезде кандай сырдуу ойдо экен.

(А. Токомбаев)

»

Келтирилген саптардагы «к» тыбышы аллитераңияны түзүп турат. Аллитераңия проза, драма чыгармаларында да кездешет. Ал жазуучунун берейин деген ой сезимин тереңдетет, көркемдүктү арттырууга жардам берет. Аллитерацияда максатвеыз кайталоо эмес, поэтикалык зарылдык болуу керек.

Манас энциклопедиясында түзөтүү

Аллитерация (лат. аl — кошо, карай, littera — тамга) — ырда (айрым учурда кара сөздө да) сөз башында же сап башында бирдей үнсүз тыбыштардын айтылышы. Аллитерация дүйнө элдеринин көркөм сөз өнөрүндө кеңири тараган. Айрыкча түрк элдеринин поэзиясында жана желдирме, жорго сөз («ыргактуу проза») формасындагы чыгармачылыгында көп колдонулат. Кыргыз элдик оозеки эпикалык, лирикалык чыгармалардан тартып, макал-лакаптарга чейин аллитерация өтө өнүккөн Түрдө жолугат. Түрк поэзиясынын эзелки формаларында (б. з. 5—8-к.), Орхон-Эне-Сай таш жазмаларындагы материалдарда аллитерациянын калыптанган, өнүккөн үлгүлөрү бар экендиги Ф. Корш, С. Малов, В. Радлов, И. Стеблева жана башкалар тарабынан далилденген. «Манас» эпосунда ыр саптарын баш-аяк тепчип өткөн ички аллитерациядан тартып («Кагышмакка канкорго Каргышты катуу кылыптыр»; Сагымбай Орозбаков, 3. 235), сап башындагы аллитерация («Күмүш кемер курчанып, Күркүрөгөн эрендин Күндөй бетин нур чалып»; Сагымбай Орозбаков, 1. 157) сап аягындагы ыргактуулук менен айкалыша келген аллитерация

Каканчындын калкы бар,
Канча түрлүү алпы бар
Катылгандын баарысын
Канын ичкен салты бар; (Сагымбай Орозбаков, 1. 167) кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү