Алмаз менен бургулоо
Алмаз менен бургулоо - таажысынын чөркөсүнө (коронканын торецине) алмаз шпретилген болот цилиндр түрүндөгү бургу менен өтө катуу тоотектерин бургулоо иши. Алмаз менен бургулоо нефтини жана газды бургулоо көзөнөктөрү менен өндүрүп алууда, кендерди чалгындоо иштеринде колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1