Алмаши, Дьөрдь (мажарча - György Almásy, орусча Дьердь Алмаши, 1867-1933) - айтылуу мажар (венгр) окумуштуусу жана саякатчысы.

Дьөрдь Алмаши

Кыскача өмүр жолу түзөтүү

Дьөрдь Алмаши 1867-жылы Австро-Венгрия мамлекетинде Фелсөөлендва (Felsőlendva) шаарында - азыркы Словенияга караштуу Град (Grad) шаарында туулган. Бул шаарчаны мурда словендер "Тоолуу Лендава" (Gornja Lendava) деп да аташкан.

Анын атасы Эде Алмаши (Ede Almásy) Мажарстан (Венгрия) Географиялык Коомун (Magyar Földrajzi Társaság) негиздөөчүлөрдүн бири катары маалым.

Дьөрдь Алмаши Грац университетинде укук адистиги боюнча доктордук диссертациясын коргогон.

Андан соң ал Будапешт шаарында кызматкер болуп иштейт. Кайра өз шаарына кайтып, чарбачылык менен алектенет.

Ал зоологияга, куштарды иликтөөгө (орнитологияга) өзгөчө кызыккан. Бул жаатта Стивен Чернел менен бирдикте китеп да жарыялаган. Дунай дарыясынын деңизге куйган алабына саякаттап келип, орнитологиялык иликтөөлөр да жүргүзгөн.

Алмаши 1933-жылы 23-сентябрда Грац шаарында каза болгон.

Анын уулу Ласло Алмаши (László Almásy) учкуч, африка таануу адиси жана аскер кызматкери болгон.

Кыргыз таануудагы салымы түзөтүү

Таанымал венгр окумуштуусу Алмаши жетектеген илимий экспедиция 1899-жылдын апрелинде Бишкек (орусча - Пишпек) уездине келген.

Австро-венгриялык экспедиция Кытай багытында чалгын жасап, жолдо кездешкен калктар туурасында маалымат топтогон. Алмашинин орусча жана түрк тилинде сүйлөй алгандыгы экспедициянын Теңир-Тоого илимий сапары үчүн өтө олуттуу ролду ойногон.

Венгр окумуштуусу Г. Алмаши кыргыздар жөнүндө баалуу этнографиялык маалымат чогулткан. Анын этнографиялык баамдоолору бүгүнкү күндө да оригиналдуулугу менен окумуштуулардын көңүлүн буруп келет.

Д.Алмаши 1900-жылы ноябрда Кыргызстан аймагынын Ысык-Көл өрөөнүндө болгон. Андан соң Сары-Жаз жайлоосу аркылуу Нарын дарыясынын жогорку агымынын өрөөнүн кыдырган.

Алмаши Нарынкол жергесинде жүргөндө бугу уруусунун бир өкүлүнөн "Манас" дастанынын үзүндүсүн жаздырып алган.

Манастын эки айлык уулу Семетей менен кош айтышы тууралуу эпизод камтылган Алмашинин макаласы Будапешт шаарында 1911-12-жылдары "Келети Семле" (Keleti Szemlé) журналына немис тилинде жарыяланган.

Макалада "Манас" дастанынын кыргызча тексти латын арибинде транскрипцияланып берилген.

Алмашинин мекендеши, геолог жана географ окумуштуу жана саякатчы Дьүла Принц (Gyula Prinz, Дьюла Принц, 1882-1973) мырза да алгачкы жолу Теңир-Тоо аймагын кезгенде Д.Алмашинин тобу менен келген деген маалымат бар.

Булактар түзөтүү

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл. - ISBN 5-89750-142-4
  • Cholnoky Jenő: Almásy György utazása Belső-Ázsiában. Földrajzi Közlemények, 1904.
  • Agárdi Ferenc: Almásy György Kirgizisztánban. In: A nagyvilág magyar vándorai. Bp., 1955.
  • Lázár István: Világjárók – világlátók. Bp., 1986.
  • Utazásom orosz Turkesztánba. Budapest, 1901.
  • Vándor-utam Ázsia szívébe. Budapest, Természettudományi Könyvkiadó-vállalat, 1903.
  • Sragner Mária: Prinz Gyula bibliográfiája. JPTE, Pécs, 1998.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү