Алма-Булак молибден жана сурьма кени

Алма-Булак молибден жана сурьма кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Терексай кыштагынан түштүк чыгыш тарапта, Чаткал кырка тоосунун түштүк капталында. Кен 1950-ж. табылып, геол. маалымат берилген. Кен аймагын палеозойдун башталышында пайда болгон слюда-кварцтуу сланец жана аны жиреп чыккан аплит түспөлдүү плагиогранит тектери түзөт. Булар тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Кен негизинен жаракалардын кесилишкен жеринде жайгашкан. Жараканы бойлой гидротермдин таасиринен өзгөрүп, кварцташкан, пириттешкен, чанда серпентиндешкен тилкелер жатат. Жаракалардын кесилишинде молибден руда тарамдарынын калыңдыгы 0,6–0,8 м, узундугу 15 мге чейин. Негизги минералдары: молибденит, антимонит, галенит, цинк арсенопирит ж. б. Рудалар текстурасы боюнча сепкилдүү-чачыранды, брекчия сымал, темгилдүү болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү