Алма күбөсү - какач канаттуулар түркүмүндөгү көпөлөк; алма зыянкечп. Өңү ак, канатын жайганда узундугу 18-22 мм, алдыңкы канатында үч катар кара тагы бар, арткысы ак, кээсиники куба. Ысык-Көл, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана түштүктө жаңгак-жемиш токойлорунда кездешет. Көпөлөк Кыргызстандын түштүгүндө майдын ортосунда, түндүгүндө жана тоо этектеринде июндун башында күн батканда учат. Ургаачысы алманын жаш бутагынын кабыгына жумуртка (20-90) таштап, кабыкчага айлануучу былжырлар менен жабат. Жумуртканын эмбриондук өсүшү 1-2 жумада бүтүп, малагы кабык коңулдарында кыштайт. Жазында куурчакчага айланып, эки жумадан кийин көпөлөк учуп чыгат. Каршы күрөшүү чаралары: жаз алды менен уу химикаттарды (0,2 %түү хлорофос жана физалон) чачуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү