Алтай тилдеринин уясы - алтай тилдеринин жалпылыгы, алтай тилдери. Алтай тилдери негизинен Азияга, бир аздап Европага таралган. Тилдердин бул уясына түрк-монгол, тунгус-манжур, ошондой эле япон жана корей тилдери кирет. Болжол менен алтай тилдеринде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 300 млн. ашуун адамды түзөт. Генеалогиялык жактан алганда алтай жалпылыгы илимде типологиялык жана ареалдык жакындыктары жагынан талаш-тартыштарды туудурбайт. Генетикалык жактан эки топко бөлүнөт: биринчиси - түрк, монгол жана тунгус-манжур; экинчиси - корей жана япон тилдери. Алтай тилдеринин азыркы урал тилдик уясы (угро-финн, самодий) менен генетикалык жана типологиялык жалпылыктары такталууда. Г.И.Рамстедт байыркы алтай тили б.з.ч. II миң жылдыкта ыдырап бөлүнө баштаган деген пикирди айтса, Л.Лигети б.з.ч. III миң же II миң жылдыкта, В.М.Котвич б.з.ч. I миң жылдыкта болгон кубулуш деген көз карашка токтолушкан. Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү алтай тилдеринин типологиялык жактан жалпылыгынын В.М.Котвич негиздеген илимий багытын колдошот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү