Алтан-хан мамлекети - Монголиянын түндүк-батышында 16-кылымдын аягында түзүлгөн мамлекет. 16-кылымдын 80-жылдары Дзасахту хандык ээлигинен бөлүнүп чыгышкан. Анын негиздөөчүсү Шолой Убаши (1567-1627) Чыңгызхандын урпактарынын бири. Бул мамлекеттин хандары өз ысымдарын атабастан, «алтын ханбыз»дешкен. Ошондон улам бул мамлекет «Алтан-хан мамлекети» деп аталат. Бийлик жүргүзгөн жерлеринин чеги: түштүктө Монгол, Алтай тоосунан, түндүктө Саян тоолоруна чейин, чыгышта Далгар-Мурэн өзөнүнөн жана батышта Ямышев көлүнө чейпн созулган. Алтан-хан мамлекетинин ордосу УбсуНур (Монголия) көлүнүн айланасында жайгашкан. 17-кылымдын башында өз ээликтерин енисейлик кыргыздар жана алардын кыштым капчыгайларынын эсебинен кеңейткен. Салык төлөөгө мажбур болгон кыргыздар иш жүзүндө көз каранды болушкан эмес. Кыргыздардын үстүнөн бийлигин кармап туруу үчүн Алтан-хан мамлекети барымта кармоо адатын пайдаланган. Хандыктагы ич ара күрөштөрдө кыргыздар четте турушкан эмес. Кыргыздардын каардуу мүнөзү монголдордогу каймана түрдө айтылган «харгпс» (кыргыз) каардуу жырткыч, кекчил деген сөздөрдүн келип чыгышына алып келсе керек. 17-кылымдын ортосунда Борбордук Азияда майда хандыктардын кагылышуусунан жана өлкөдөгү уруулардын пчара кармашууларынын натыйжасында Алтан-хан мамлекети начарлай баштаган. Ошол учурда күч алып келе жаткан Жунгар хандыгы Алтан-хан мамлекетине кол салып, анын акыркы ханы Лубан тайжинин аскерлерин Жунгар ханы Сенге Тайши 1667-ж. талкалап, хандын өзүн колго түшүрөт. Азыр да мурдагы Алтан-хан мамлекетинин аймагында (түндүк-батыш Монголия) хара хиргис, шара хиргис, модон хиргис сыяктуу монгол уруулары, кыргыздарга байланыштуу жер-суу аттары учурап, орто кылымдагы кыргыз-монгол тарыхый-этностук байланыштарынан дарек берет. 1663-ж. енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн Алтан-хан мамлекети азыркы Тува аймагына көчүрүшөт. Ошол кыргыздардын урпактары тувалардын курамында «кыргыз» уруктары катары белгилүү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү