Мамыркалиев Алтымыш (11.11.1926- ж. т., Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты болуп шайланшан(1967—85) (монолдор).

1958-жылы. Кыргыз Комунистик Партиясынын борбордук Комитетинын жана 1962-ж. КПСС БКнын алдындагы партиялык мектептерди бүткөн.

1944—50-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, Советтик армияда кызмат өтөгөн, 1950-ж. Ат-Башы райондук социалдык камсыздоо бөлүмүндө башчы, 1950—53-ж. комсомолдун Тянь-Шань обкомунда инструктор, бөлүм башчы, 1953—63-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун консультанты, бөлүм башчысы, 1963—64-ж. Кыргызстан КП БКда инспектор, 1964—74-ж. Кыргызстан КП Ысык-Көл, 1974—85-ж. Аламүдүн райкомдорунун 1-катчысы, 1986—95-ж. мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетинде начальниктин орун басары, кадрлар бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

2-даражадагы Ата Мекендик согуш, Эмгек Кызыл Туу, 2 "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.