Алтын адам
Параметр text не задан |
Иле Алатоосунун түндүк этегинде жайгашкан Эсик көрүс-төнүнөн табылган эрте темир дооруна таандык археол. табылга. Алматы ш-нын чыгыш тарабында 50 км аралыкта жайгашкан көрүстөндөр тобу (45 көрүстөн) 1969–70-ж. ачылып, проф, К.Акишев, А.Акишев тарабынан изилденген. «А.а.» табылган көрүс-төндүн диаметри 60 м, бийиктиги 6 м болгон. Казуу учурунда табылган карагайдан жасалган табытта 18–25 жашар, европеоиддик ж-а монголоиддик аралаш расалык белгилери бар, алтындан жасалган кийимчен жигит көмүлгөн.
aro 2011 Archived 2012-05-31 at the Wayback Machine
Маркумдун жанында согуш куралдары, өздүк буюмдары жаткан. Идиштер күмүштөн, жезден, чоподон, жыгачтан жасалган. Баш кийиминде алтындан жасалган аркар статуэтка ж-а рельефтүү түшүрүлгөн илбирс, жылкы, теке, куш ж-а геометриялык фигуралар болгон. Кийимдин жээктери кабылан кейиптүү штамптоочу ж-а басып түшүрүү ыкмасы м-н даярдалган алтын бастырма кооздуктар м-н жээктелип ж-а түрдүү формадагы алтын кооздук-бастырмалар м-н кооздолгон. Маркум териден жасалган жакасыз кыска кафтан кийгизип жаткырылган. Кээ бир сакталган айрындыларына караганда ал кызыл же күрөң түскө боёлуп, сыртынан алтын бастырмалар м-н текши кооздолгон. О. эле куру, маасы-өтүгү дагы алтын бастырмалар м-н капталган. Күмүш идиште 2 катар тизилген 26 белгиден турган өтө курч курал м-н оюлуп жазылган жазуу бар.
16–17 так жазылган тамгалардын ичинен 8–9у арамей алфавитиндеги тамгаларга окшош келип, бирок, арамей тилинде окулбайт. Кээ бир белгилери байыркы түрк руна жазуусундагы тамгаларга окшош. Айрым изилдөөчүлөрдүн болжолунда, Жетисуу сактары арамей жазуусунун негизинде түзүлгөн алфавитти колдонушкан. Бул табылга б. з. ч. 5–4-к-да жашаган байыркы сак элинин тарыхы, маданияты, көркөм өнөрү, руханий маданияты б-ча маалыматтарды берет. Алтын кооздуктарды жергиликтүү уздар жасаган. Ысыккөлдүн Барскон айылынан ушуга окшош колодон жасалган кооздуктар табылган. Жасалыш ыкмасы б-ча кабылан сымал жаныбар баштуу бастырма Эсикте ж-а Барскондо бири-биринен эч айырмаланбайт.