Алтын бешик, Тоо – Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Сарыкөгөй жана Лейлимазар сууларынын (Кожобакыргандын сол куймалары) аралыгында батыштан түндүк-чыгышка 28–30 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–7 км. Орточо бийиктиги 3800– 4000 м, эң бийик жери 5016 м. Жону кырдуу, аскалуу, мөңгүлөрү бар. Капталдары тик, кыска жана терең капчыгайлар көп. Карбондун кызыл түстөгү (конгломерат, кумдук, алевролит), акиташ жана порфирит тектеринен турат. Тоо капталдарына шалбалуу талаа жана арча токою (2800–3000 м бийиктикке чейин), бетегелүү субальп, альп шалбаалуу талаасы (3200–3300 мге чейин), субнивалдык (3500–3600 мге чейин) жана нивалдык кар, мөңгүлүү алкактар мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү