Алтын валюта фонду — эл аралык төлөмдөрдү жүргүзүү, төлөм балансынын таңсыктыгын жабуу, эл аралык рыныктогу валюта кунун турукташтыруу үчүн колдонулуучу борбордук банк жана мамлекеттик казынада кармалган алтын менен чет өлкө валютасынын расмий өлчөмү. Баалуу металлдардын, асыл таштардын, ошондой эле алардан жасалган буюмдардын жыйындысы алтын валюта фондунун негизин түзөт[1].

Булактар

түзөтүү
  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7