Алунит кен таштары - алюминий кен таштарынын (рудаларынын) өнөр жайлык маанидеги тиби. Ал негизинен алунит (25-70%), кварц, хальцедон, опал (баары биригип 40-50%), чополуу минералдардан турат. Бир аз темир оксиди, ильменит, циркон ж. б. кезигет. Жаш жанар тоо аймагында күкүрт кислотасы менен каныккан күкүртүү газдын жана эритиндинин таасиринен кычкыл эффузив тоотектеринин гидротермдик өзгөрүүлөрүнөн пайда болот. Курамында алунит 50%тен кем эмес, чополуу минералдары 10%ке чейин болсо бай, кен таштарда алунит 25% болсо жарды алунит кен таштарына кирет. Ири кендери Россияда (Шелихов ж. б.), Азербайжанда (Заглик), Украинада (Беган), АКШда, КЭРде, Австралия, Иран, Индия, Аргентина, Мексика ж. б. өлкөлөрдө белгилүү. Кыргызстандын айрым жерлеринде да чакан алунит кен таштары бар. Алунит кен таштарынан алюминийден башка калий жер семирткичи, күкүрт кислотасы жана ванадий, галлий металлдары алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү