Алыбаев, Биримкул - акын, котормочу. Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 1937-жылы 1-июлда туулган.

1961-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, Кыргыз ТАГда оператор, 1965–1969-жж. республикалык илимий-техникалык маалымат жана үгүттөө институтунда редактор, 1969–1977-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштейт.

Б.Алыбаевдин биринчи ыры 1953-жылы облустук гезитте жарыяланган. Ошондон тартып ырлары, очерктери, кабарлары, макалалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда үзгүлтүксүз жарыяланып келген.

Акындын көптөгөн ырларына обон жазылып, ал Алфи Гасымовдун, тажик классиги А.Дехотинин китептерин, вьетнам акындарынын ырларын кыргыз тилине которгон. «Кыргызфильм» студиясында ондогон көркөм фильмдерди кыргыз тилине синхрондуу которгон.

Б.Алыбаев 1969-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1975-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2007-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.


Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Акчардак: Балладалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 70 б.

Бурганак: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 66 б.

Гүлбурак: Ырлар жана балладалар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 163 б.

Жаштык рапсодиясы: Ырлар, сатиралар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 102 б.

Таштагы жазуулар: Ырлар, поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 76 б.

Жазды күтөм: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 108 б.

Лирика. – Б.: Концерн «Учкун». – 140 б.


Котормолору түзөтүү

Дехоти А. Поезд келди: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1955. – 24 б.

Гасымов А. Адиланын таалайы: Роман – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 336 б.

Катаал күндүн ырлары. – Б.: Бийиктик, 2008. – 140 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү