Алыбаев Кожоберген Мадияр уулу

Алыбаев Кожоберген Мадияр уулу (1890, Акчий-Карасуу айылы - 1965) - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмери. Кетментөбө өрөөнүндө Совет бийлигин орнотууда басмачыларга каршы күрөш жүргүзгөн ыктыярдуу кошуунду уюштуруучулардын бири болгон.

1930-жылдары Акчий, Карасуу айылында алгач уюшулган «Ленин » колхозунда жылкычы болуп иштеген. 1935-ж. колхоздун жылкы фермасынын башчысы болуп дайындалат. Атамекендик согуш жылдарында жыл сайын фронтко 100-150 баш асыл тукум жылкыларды жөнөтүп турган. Ал асыл тукум жылкыларды өндүүнү жолго салып, өрөөндөгү башка колхоздорду асыл тукум жылкылар менен камсыздаган.

1940-ж., 1941-ж. жана 1942-жылы Москва шаарындагы бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнө (ВДНХ) чакырылып, үч жолу тең ВДНХнын алтын медалы менен сыйланган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5