Алыбаков Аскарбек Алыбакович

Алыбаков Аскарбек Алыбакович (1933, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Сүттүү-Булак айылы - 1993, Бишкек ) - физик, физика-математика илимдеринин доктору (1985), профессор (1986). КР УИАнын корреспондент мүчөсү (1989). КРнын илим жана техника тармагы боюнча мам. сыйл. лауреаты (2000). 1953-ж. КМУну, 1956-ж. ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн. КРнын УИАнын физика институтунда илимий кызматкер, лаборатория башчысы болуп иштеген. Кристаллдардын физикасы боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 20 автордук күбөлүктүн ээси. Эмгектери: Выращивание ионных кристаллов с малой плотностью дислокаций (в соавторстве). Кристаллография. Ф., 1964, т. 9, в. 6; Спектропическое исследование кристаллов NaF, активированных таллием (в соавторстве). Оптика и спектроскопия. Ф., 1989, т. 66.

Колдонулган адабияттарОңдоо