Алыбекова Карачач - (1895, Чүй облусу, Москва району, Төрткүл кыштагы - 1960, ошол эле жерде) малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1958). 1941-жылдан Москва районундагы Октябрдын 40 жылдыгы атындагы колхоздун баш чабаны болуп иштеген. Ал кой чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-ж. ар жүз тубар койдон 111ден козу (1958-ж. 125тен козу), ар койдон 3,2 кг жүн (1958-ж. 4,3 кг) кыркып алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү