Алымкулов Абдыразак - 1895-жылы Сузак районунун Кызыл-Суу айылында туулган.

Жаш мезгилинде жаңы уюшулган колхоздо малчы болуп эмгектенген. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, 1941-1945-жылдары Советтик Армиянын катарында Россиянын Орел, Смоленск, жана Курск шаарларында фашисттик баскынчыларга каршы согушкан. Аскердик бөлүктө пулемет аткычы болуп кызмат өтөгөн. 1944-жылы колунан алган оор жараттан кийин, госпиталда жатып, андан кийин айылына келген. Согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн, 3 Сталин медалдары, Кызыл Жылдыз төш белгиси жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.

1985-жылы 90 жашында Октябрь кыштагында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3