Алымова Бүбаим
Алымова Бүбаим 1951-жылы азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.
- Орто мектепти аяктагандан кийин, “Дружба” совхозунун мал фермасына саанчы болуп жумушка орношуп,
- 1995- жылы совхоз таркап кеткенге чейин эмгектенген.
- Өмүр бою бир жерде иштеп, совхоздун, айылдын өнүп- өсүшүнө чоң салымын кошкон.
- Малдын сүттүүлүгүн көбөйтүү боюнча новаторлук сунуштарды киргизген.
- Көп жолу социалисттик мелдештин жеңүүчүсү аталып, совхоздун Ардак тактасында сүрөтү илинген.
- Беш жылдык пландарын ашыгы менен аткарып, көптөгөн грамоталар, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.
- 1973-жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынып, совхоздун парт.
- комитетинин мүчөсү болгон.
- Совхозго жаңыдан саанчы болуп жумушка орношкон жаштарга насаатын айтып, тажрыйбасы менен тең бөлүшүп, жаштардын кесипкөй адис болуп чыгышына көп эмгек жумшаган.
- 6 кыз, бир уулдун энеси.
- 2010-жылы оорудан каза болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3