Альбедо (лат. albedo - аппак) — жарыктанган асман телолорунан түшкөн нурду чагылдыруу жөндөмдүүлүгүн мүнөздөөчү чоңдук. Атмосферасыз планеталар жана жандоочулардын альбедосу өтө начар. Мисалы, Меркурий менен Айдын А-су 0,007ге жакын. Тескерисинче тыгыз атмосфералуу планеталардын альбедосу чоң. Мисалы, Чолпон, Юпитер, Сатурндардын альбедосу болжол менен нөлгө барабар. Планета жана алардын жандоочуларынын, ошондой эле ар түрдүү заттардын жана материалдардын альбедосун өлчөөчү фотометрдик прибор альбедометр деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү