Альберта көмүрлүү бассейни

Альберта көмүрлүү бассейни - Канададагы көмүр катмарлары жаткан ири аймак. Аянты 250 миң км2ден ашат. Көмүрдүн жалпы запасы 220 млрд т, анын ичинде чалгындалганы 40 млрд т. 1960-жылдан казып алынууда. Аскалуу тоонун түндүк бөлүгүндө Альберта алдыңкы ийилүүсүндө жатат. Көмүр бор мезгилинин астыңкы (калыңдыгы 1-15 м болгон 65 катмар) жана үстүнкү (калыңдыгы 1-2 м болгон 14 катмар), ошондой эле палеоген мезгилинин (калыңдыгы 3 м болгон 5 катмар) чөкмө тоотек катмарларында жатат. Аймактын батышы ташкөмүрдө, анын ичинде кокстолуучу көмүрдөн, ошондой эле антрациттен, чыгышы күрөң көмүрдөн турат. Көмүр аз күлдүү (6-9%), күкүртү аз (0,3%), жылуулук берүү энергиясы 25-30 МДж/кг. Көмүр энергетикада жана металлургияда пайдаланылат. Кокстолуучу көмүрдүн бир тобу Япония, Түштүк Корея, Кытай, Индия ж. б. өлкөлөргө экспорттолот. Бассейндин аймагынан, ошондой эле нефть, күйүүчү газ, күкүрт кендери казып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү