Альдолдук (альдегиддик) конденсация

Альдолдук (альдегиддик) конденсация – щелочтор катышуусунда альдегиддер же кетондор эки мол-сы кошулуп, курамында гидроксил жана оксо топторун кармаган бирикмелерди пайда кылуучу реакция. Мис., 2 мол. уксус альдегиди А. к.реакциясына кирип, гидроксимай альдегидине (альдолго) айланат:

СН3-С=О + СН3- С = О СН3-СН СН2СНО



Н Н ОH

Реакция кайталанма. Кетон альдегидге караганда А. к. реакциясына кыйыныраак кирет. Эки мол. ацетондон диацетон спирти алынат:

(СН3)2СО+(СН3)2СО(СН3)2С(ОН)СН2–СОСН3

Альдегид менен кетон да өз ара А. (а.) к. реакциясына кирет. Ар түрдүү альдегиддин жана кетондун А. (а.) к. кириши кайчылаш реакция, башкача айтканда мындай учурда аралаш бирикмелер пайда болушу мүмкүн, мис.,

2RCH2CHO + 2RCH2CHO
RCH2CH-OH+R’CH2CH-OH
 

RCH-CHO RCHCHО

А. (а.) к. хим. ө. ж.-да бутанол, 2-этилгексанол, пентаэритрит ж. б. бирикмелерди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү