Альпинистер (Чоңтөр) мөңгүсү

Альпинистер (Чоңтөр) мөңгүсүКыргыз Алатоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Уз. 3,3 км, аянты 4,4 км2. Сокулук суусунун төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4190 м, этеги 3100 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3540 м. Абляция облусунун аянты 3,4 км2. Мөңгүнүн 13%не чейин морена материалдары жаап жатат. Мөңгүдөн Сокулук суусунун жогорку агымы Чоңтөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2