Альпинисттик лагерь — альпинисттерди машыктырып, спорттук чеберлигин өркүндөтүү үчүн ылайыкталган спорттук база. Ар бир альпинисттик лагерь спорттук машыгууларга ылайыкталган чатыр, ашкана, медпункт жана керек буюм-теримдер менен камсыз кылынат. Туруктуу, көчмө, мезгилдик жана жыл бою иштөөчү альпинисттик лагерьлер болот. Кыргызстандагы альпинисттик лагерлердин ирилери төмөнкүлөр: 1) «Памир» 1973-ж. ачылган, Чоң Алай районунун Ачык-Таш капчыгайында, Ош шаарынан 320 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3700 м бийиктикте жайгашкан. 2) «Ала-Арча» 1951-ж. ачылган, АлаАрча капчыгайында, деңиз деңгээлинен 2100 м бийиктикте, Бишкектен 42 км аралыкта жайгашкан, капчыгайда аска-зоолор, шагылдуу беттер арбын, алар мөңгүлүү, түрдүү татаалдык категорпясына ээ. 3) «Ала-Тоо» 1972-ж. Каракол шаарында түзүлгөн. Мында спорттук-машыгуу жүргүзүлөт. Тескей Ала-Тоонун бийик чокуларына чыгуучу разрядчы-спортчуларды кабыл алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү