Альп өсүмдүктөрү
Альп өсүмдүктөрү - альп алкагында өскөн бийик тоо өсүмдүктөрү. Жапыз өскөн шалбаа (дан өсүмдүктөрү, ыраң, примула ж. б.), калың өскөн бадалча (рододендрон ж. б.) өсүмдүктөрү басымдуу. Альп өсүмдүктөрү Альп, Кавказ, Алтай, Теңир-Тоо, Гималай ж. б. тоолорго мүнөздүү.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1