Альтернативалык энергетика

Альтернативалык энергетика - калыбына келүүчү энергия булактары жөнүндө жалпы түшүнүк. Бүгүнкү күндө адамзат коому шарттуу түрдө пайдаланып келе жаткан (калыбына келбөөчү) энергия булактары (көмүр, нефть, жыгач отуну ж. б.) 90% кубаттуулукту берет. Альтернативалык энергетика булактары - Күн энергиясын, геотермалдык энергияны, шамал жана гидроэнергияны, биомассаны, жылуулук шилендилерин ж. б. табигый калыбына келүүчү энергия булактарын камтыйт. Автотранспорт колдонгон нефть продукцияларынын (бензин ж. б.) чөйрөгө тийгизген таасирин азайтыш үчүн алардын ордуна табигый газдар же болбосо спирт бирикмелерин (метанол, этанол ж. б.) колдонуу жүзөгө ашырылат. Альтернативалык энергетика көбүнчө экологиялык «таза» энергия булагы деп эсептелинет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү