Альтернация (тыбыштык алмашуулар - лат. altematis - алмашуу, лат. alter - экинин бирөө, башка) - жалпы лингвистикалык термин, көбүнесе тилдин фонетика бөлүмүндө фонетикалык алмашууларды билдирет.

Шартка байланыштуу фонемалар ар түрдүү аллофондо угулушу мүмкүн. Мисалы: аз (ас), жалгыз (жаңгыз) ж.б. морфемалардын мындай варианттары фонеманын курамы боюнча айырмаланып, алломорфторду пайда кылат. Бир эле морфеманын алломорфторунун айырмасы алмашуу (альтернация) деп аталат. Бир эле морфеманын тутумундагы фонеманын алмашуусу альтернат болот: тунгуч-туңгуч, мүмкүн- мүңкүн, түнкү-түңкү, тузсуз-тузсуз ж.б.

Тыбыштык алмашууда бир фонема башка бир экинчи фонемага өтпөйт. фонемалардын алмашуусу - ар түрдүү фонемалардын алмашуусу. Фонеманын аллофонунун пайда болушу фонемалык окшошууну жаратат. Фонемалык алмашуу морфеманын аллофондорунун жанаша колдонулушу менен шартталгандыктан, фонемалык алмашуу формалардын окшош болгон учурунда ишке ашат. Фонеманын аллофону конкреттүү шартка жараша пайда болот. Ал шарттын өзгөрүшү менен фонеманын аллофону да өзгөрөт. фонемалардын алмашуусунда эки альтернаттын бирөө гана колдонулат.

Үндүүлөрдүн алмашуусу оозеки кепте орун алат, бирок жазуу кебинде орфографиялык эрежелерге баш иет. Фонемалардагы, морфемалардагы Альтернация тилде формалык варианттардын жаралышын жана колдонулушун шарттайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4