Аль-Кинди (араб. أبو يوسف يعقوب إبن إسحاق الكندي‎‎, англ. Abū Yūsuf Yaqūb ibn Ishāq al-Kindī; 801—873-ж. жакын ченде) — биринчи араб тилдүү ири философ, аны «арабдардын философу» деп аташкан. Ал өзүнөн мурдагы илимдин жана байыркы грек философиясынын жетишкендиктерин — Птолемейдин, Евклиддин, Аристотелдин жана башкалардын эмгектерин жакшы окуп-үйрөнөт. Ал мындай деп жазган: «Акыйкат кайдан гана келбесин биз аны жактыруудан жана аны кабыл алуудан уялбашыбыз керек». Акыйкат менен эч кимди кемсинте албайсың, тескерисинче, акыйкат ар кимди асыл сезимге бөлөйт» IX—XIV кылымдардагы орто жана жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн ойчулдарынын тандалган чыгармалары.
Мисалы: 1961. 59-б]. Ал мутализиттерге жакын болгон. 200дон көбүрөөк чыгарма жараткан, атап айтканда «Биринчи философия жөнүндө», «Беш негиз жөнүндө китеп» деген эмгектерди жазган.

Аль-Кинди

VII кылымдын башталышынан бери тарта арабдардын жеңип алууларынын натыйжасында Түркстандан Испанияга чейинки зор аймакта көп улуттуу теократиялык мамлекет — Араб халифаты түзүлөт. Бул мамлекетте жалпысынан байыркы гректик философиялык ойду өздөштүрүүнүн негизинде философиянын өнүгүшү чоң ийгиликке жетишет. Анда V—XII кылымдарда схоластика менен бир катарда араб философиясы да өнүгөт, бирок ал батыш европалык схоластиканын өнүгүшүнө салыштырганда таптакыр башкача өнүгөт. Аль-Кинди ушул араб философиясынын эң көрүнүктүү өкүлү.

Аль-Кинди философияны табият илим-билимдери менен тыкыс байланыштырган жана кимде ким философия менен алектенгиси келсе ал математиканы милдеттүү түрдө билиши керек деген ишенимде болгон. Философия — баардык нерселер жөнүндөгү билим деп эсептеген Аристотелдин жолун жолдоп, философияны рационалисттик тургудан талкуулайт. Аль-Кинди Аристотелдин чыгармаларынын котормочусу жана анын пропагандисти. Ал материя жана форма жөнүндөгү окууда Аристотелдин жолун жолдойт, бирок ал материянын маанисин көбүрөөк баса белгилейт жана аны башкы негиз катарыңда карайт: «Материя дегенибиз ушундай, эгерде ал жок десек анда башкалар да жок болот, бирок эгерде башкаларды жок десек материя андан жок болуп кетпейт» [Ошонун өзүндө. 110 б.].

Аль-Кинди мусулман философ, ал «улуу жана эң кубаттуу бир Алланы» негиздөө жана түшүндүрүү үчүн жана «Алла бардык нерсенин аракеттеги жана максаттуу себеби» [Ошонун өзүндө. 55-6.] дегенди чечмелөө үчүн аристотелизмге таянат. Ал Алла философия жетише албай турган теңирлик билимге ээ деп ырастайт. Куран Аль- Кинди үчүн — теңирлик аяндардын туу чокусу.

Маалымат булактары түзөтүү

Блинников Л.В. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2016-03-12 at the Wayback Machine