Алюминий куймалары - алюминийди башка металлдар (Fe, Si, Cu, Mg, Zn) менен эритүүдөн алынган куймалар. Алардын тыгыздыгы төмөн (3000 кг/м3 ка чейин), электр жана жылуулукту жакшы өткөрүү, коррозияга туруктуу ж. б. касиеттерге ээ. Алюминий куймаларынын дат баспай турган (Al - Mg - Si), өтө бышык (Al - Mg - Si Cu, Al - Zn - Mg жана Al - Zn - Mg - Cu), температурага чыдамдуу (Al - Cu - Mg жана Al - Cu - Li), жеңил жана жогорку модулдуу (Al - Ве - Mg жана Al - Li - Mg) системалары иштелип чыккан. Алюминий куймаларынын негизги артыкчылыктары салмагынын аз болушу, технологиялык касиеттеринин мыктылыгы, кесүү-жонуу жана чайкоо, каңдоо ыкмалары менен бекем ширетилиши болуп саналат. Буюмдарды жана тетиктерди жасоодо деформациялануучу жана куюу жолу менен алынуучу болуп бөлүнөт. Деформациялануучу алюминий куймалары түтүк, жалпак буюм (листтер), зым ж. б. даярдоо үчүн колдонулуп, согуу, чоюу, созуу жана жумурулоо ыкмалары менен даярдалат. Бардык чыгарылган алюминий куймаларынын 80 %ин ээлейт. Куюу жолу менен алынган алюминий куймалары куюга жарамдуу болуп курамына легирлөөчү элементтер (Cr, Mn, Mg) кошулат. Алар куйманын касиетин жакшыртат. Алюминий куймалары негизи конструкциялык материал болуп эсептелет. Өндүрүлүшү жана пайдаланышы боюнча болоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Эксплуатациялык мыкты (уникалдуу) касиеттеринин негизинде авиа-жана ракета, кеме, автомобиль курууда, ошондой эле химиялык жана нефтехимиялык продуктуларды ташуучу цистерналарды жасоодо, курулушта, тамак-аш өнөр жайында ж. б. кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү