Алюмотол
Алюмотол — тротил менен алюминий күкүмдөрүнүн гранулданган аралашмасы; сууга туруктуу, жарылгыч зат. Жарылуудагы бөлүнгөн жылуулугу 5,3-5,6 МДж/кг. Нымдуу катуу тектерди жардырууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1