Ал-Ихван ал-Муслимун («биртууган мусулмандар») - Египетте 1928-ж. Хасан ал-Банна тарабынан негизделген диний саясий уюм. Республикалык түзүлүшкө каршы чыккандыктан, мыйзамсыз деп жарыяланган. Уюмдун иш-аракети моралдык-этикалык норма, мыйзамдуулуктун, идеологиянын негизги булагы катарында исламдын принцибине негизделген «адилеттүү ислам коомун» түзүүгө багытталган. Алардын пикири боюнча бул максатка «өнүгүүнүн исламдык жолу» алып барат. 1928-36-ж. кайрымдуулук жана агартуучулук иш-аракеттер менен алектенген бул уюм бара-бара саясий турмушка активдүү аралашып, террордук ыкманы кеңири пайдалана башташкан. 1949-ж. Хасан ал-Банна өлтүрүлгөндөн кийин өз алдынча уюмдарга бөлүнүп кетет. 1970-ж. президент Анвар Садаттын тушунда ал легалдашып, Египетте экиге бөлүнөт. 1981-ж. Садат өлтүрүлгөн соң, алардын иш-аракеттерине тыюу салынган. Учурда ал көпчүлүк араб өлкөлөрүндө жашырын абалда. Уюмдун идеологиясы жана саясаты реакциялык мүнөздө болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөрдө алардын иш-аракеттерине тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү