"Амадей" (англ. Amadeus) - 1984-жылы Милош Форман тарткан америкалык драма. Сценарийин Питер Шаффер өзүнүн "Амадей" аттуу пьесасынан алып жазган. Тасманын окуясы 18-кылымдын экинчи жарымында Австриянын Вена шаарында өтөт жана окуя Уолфгаң Амадей Моцарттын көркөмдөтүлгөн өмүр баянын баяндайт. Тасманын музыкасы Моцарттын чыгармаларынан алынган. Тасма Моцарттын замандашы Антонио Салиеринин Моцартты көрө албастыгы, Моцарттын реквиемин тартып алып, аны өлтүрүүгө болгон аракети жөнүндөгү окуяны баяндайт. Салиери тартып алгысы келген реквием жазылып бүтпөй калат. Ошентсе да Салиери көрө албастыгына карабай Моцарт менен жакшы мамиледе болот да, Моцарттын көзү өткөн соң анын баласын окутат.

Амадей
Режиссеру Милош Форман
Продюсер Сол Зэнц
Сценарийи Питер Шеффер
Оператору Мирослав Ондржичек
Негизинде Амадей
автору: Питер Шеффер
Тартылгандар
Редактору
Студия The Saul Zaentz Company
Жайылтуучу Orion Pictures
Чыккан жылы
  • сентябрь 6, 1984 (1984-09-06) (Лос-Анжелес)
  • сентябрь 19, 1984 (1984-09-19) (АКШ)
Узактыгы 161 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $18 млн[2]
Киреше $52 млн (Түндүк Америка)[2]

Тасма 53 сыйлыкка көрсөтүлөт да, 8 Оскар, 4 "BAFTA", 4 "Алтын Глобус" жана АКШнын режиссерлор "Гильдия" сыйлыгы сыяктуу 40 сыйлык утуп алган. 2016-жылы Оскардын "Эң мыкты актер" наамына бирден ашык талапкерлиги көргөзүлгөн акыркы тасма болуп эсептелет. 1998-жылы "AFI" 100 жылдагы 100 тасманын ичинен 53-тасма деп тапкан.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Amadeus. British Board of Film Classification. Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2014.
  2. 2.0 2.1 Amadeus (1984) - Financial Information. The Numbers. Текшерилген күнү 22 -декабрь (бештин айы) 2014.